Jump to Content

Бардык Google өнүмдөрү
сиз үчүн кызмат кылатou

Google аккаунтуңузга кирип, Google кызматтарынын толук мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз. Аккаунтуңуз Google тажрыйбаңызды жекелештирип, маанилүү маалыматтарыңызга каалаган жерден мүмкүнчүлүк алууга жардам берет.

Google-icons

Сизге жардам берет

Сиз киргенде, колдонуп жаткан бардык Google кызматтарыңыз күнүмкү жумуштарыңыз боюнча жардам берүү үчүн чогуу иштешет. Мисалы, графиктеги нерселерди эстетип туруу үчүн Gmail аккаунтуңуз Google Жылнаама жана Google Карталар менен шайкештирилет.

Атайын сизге арналган

Кайсы түзмөктү же Google кызматын колдонгонуңузга карабастан, бардык аракеттерди каалаган убакта аккаунтуңуздан жекелештирип, башкарып алсаңыз болот.

Сизди коргойт

Google аккаунтуңуз индустриядагы мыкты коопсуздук функциялары менен корголгон жана алар кооптуу нерселерди автоматтык түрдө аныктап, алдын ала бөгөттөөгө жардам берет.

Жардам берүүгө даяр

Chrome, YouTube жана башка Google кызматтары сиз аккаунтка кирип турганда мыкты иштеп, көбүрөөк жумуштарды бүтүргөнгө жардам берет. Аккаунтуңуз Автотолтуруу, жекелештирилген сунуштар жана башка пайдалуу функцияларды каалаган убакта жана каалаган түзмөктөн колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Автотолтуруу
Сиз үчүн атайын тандалган
Интернетте байланышта болуп туруңуз

Автотолтуруу

Google аккаунтуңуз сиз анда сактаган маалыматыңыздын негизинде сырсөздөрдү, даректерди жана төлөм чоо-жайларын автоматтык түрдө толтуруу менен убактыңызды үнөмдөйт.

autofill

Сиз үчүн атайын тандалган

Сиз Google аккаунтуна киргенде, бардык Google кызматтары көбүрөөк жумуштарыңызды бүтүрүүгө жардам берүү үчүн биргеликте иштешет. Мисалы, Gmail почтаңызга келген аба каттамдарынын билеттери автоматтык түрдө Google Жылнаама жана Google Карталар менен шайкештирилип, аэропортко өз убакытында жетүүгө жардам берет.

Works better for you

Интернетте байланышта болуп туруңуз

YouTube видеолорун башка түзмөктө улантып, байланыштарыңызды көрүп жана Play Store'догу жаккан колдонмолорду оңой пайдалангыңыз келеби? Жөн гана аккаунтуңузга кирип, Google кызматтарын каалаган түзмөгүңүздө колдонуңуз. Google аккаунтуңуз менен үчүнчү тараптын колдонмолоруна да коопсуз жана тез кире аласыз. Мындай учурда параметрлериңиз аларга да колдонулат.

Stay connected

Сиз үчүн гана

Google аккаунту сиз колдонгон ар бир кызматты жекелештирип турат. Жөн гана каалаган түзмөктөн аккаунтуңузга кирип, жеке тандоолоруңузду, купуялыкты жана жекелештирүүнү көзөмөлдөө каражаттары менен таанышып чыгыңыз.
Ыкчам кирүү
Купуялуулукту көзөмөлдөө каражаттары
Маалыматтарыңыз үчүн коопсуз жай

Ыкчам кирүү

Бир жолу басып, бардык дайындарыңызга жана жөндөөлөрүңүзгө мүмкүнчүлүк ала аласыз. Жөн гана профилиңиздин сүрөтүн таптап, “Google аккаунтуңузду башкарууга” шилтемени басыңыз. Ошондой эле, профилиңиздин сүрөтү менен эле аккаунтка оңой кирип, чыгып же Жашыруун режимди күйгүзө аласыз.

Instant access

Купуялуулукту көзөмөлдөө каражаттары

Купуялыкка келгенде бир ыкма баарына төп келбейт экенин түшүнөбүз. Ошондуктан ар бир Google аккаунтунда Купуялык жөндөөлөрүн текшерүү сыяктуу колдонууга оңой башкаруу каражаттары камтылган. Жөн гана сизге ыңгайлуу купуялык жөндөөсүн тандап алыңыз. Ошондой эле, аккаунтуңузга кайсы маалымат сакталганын оңой күйгүзүлүп/өчүрүлгөн каражаттар менен башкарып, дайындарыңызды күн, кызмат жана темасы боюнча тандап, өчүрсөңүз болот.

Privacy Control

Маалыматтарыңыз үчүн коопсуз жай

Google аккаунтуңуз жеке маалыматыңызды сактоо үчүн коопсуз, негизги жер болуп эсептелет. Насыя карталарыңызды, сырсөздөрдү, байланыштарды жана башка дайындарды керек болгон учурда Интернетке кирип эле таап аласыз.

safe place

Маалыматыңыз купуя, сак жана коопсуз сакталган

Google аккаунтуңуздагы бардык маалыматтарды коргоо мурункудан да маанилүү болуп калды. Ошондуктан ар бир аккаунтка Коопсуздукту текшерүү жана Сырсөздөрдү башкаргыч сыяктуу күчтүү коргоо каражаттарын жана куралдарды коштук.
Куралган коопсуздук куралдары
Коопсуздукту текшерүү
Сырсөздөрдү башкаргыч

Куралган коопсуздук куралдары

Google аккаунтуңуз жеке маалыматыңызды автоматтык түрдө коргоп, купуя сактайт. Ар бир аккаунтта кооптуу электрондук каттардын 99,9% сизге жеткирбей бөгөттөгөн спам чыпкалары жана башка күчтүү функциялар камтылган. Андан тышкары, жекелештирилген коопсуздук билдирмелери шектүү аракет же зыянкеч вебсайттар аныкталса, сизге кабарлап турат.

Built-in security

Коопсуздукту текшерүү

Бул курал аккаунтуңузду коопсуз сактоого жардам берүү үчүн атайын сунуштарды берет.

Security checkup

Сырсөздөрдү башкаргыч

Google аккаунтуңуздун Сырсөздөрдү башкаргыч куралы сиз гана кире алган жерде сырсөздөрүңүздү коопсуз сактап турат.

Google password manager

Сиздин Google ушул жерден башталат